Парламентте КСДП менен «Республика Ата-Журттун» депутаттары кайым айтышты

Бүгүн парламентте КСДП менен «Республика-Ата Журттун» депутаттары кайым айтышты. Буга 3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодогу мыйзамсыз аракеттер себеп болду. Аталган шаардагы шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн депутат Өмүрбек Бабанов айтып чыгып, буга КСДПнын депутаты Искендер Матраимовду күнөөлөгөн эле. Мындан улам Матраимов парламентте өзүнүн дарегине айтылган нааразычылыктар негизсиз деп атады.

3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн жарышта «Республика» партиясы тийиштүү добуш албай, мандатка ээ болбой калган. Шайлоо ири мыйзам бузуулар менен коштолгонун парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов айтып чыккан. Буга Бабанов КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовду жана анын жакындарын айыптаган.

Ал эми депутат Искендер Матраимов Кара-Суудагы шайлоого анын жана бир туугандарынын тиешеси жок экенин парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, “Республика” партиясы жана лидери Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыктары боюнча билдирген нааразылыктары негизсиз. Партиясы эл менен жолукпай, иштебегендиктен өтпөй калды.

— Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары талапкерлер менен кошо жүрүп, КСДПнын, анын негиздөөчүсү президент Алмазбек Атамбаевдин иштери тууралуу айтып бердик. Утулуп калган “Республика” партиясы бир дагы штаб ачкан жок. 3-4 жерге сүрөттөрүн гана илишти. Эл менен жолукпай туруп кантип жеңишке жетишет? «Матраимовдор элди коркутуп добуш алды» деген сөз болуп жатат. Матраимовдор шайлоого катышкан жок, КСДП катышты. Бирөөлөрдүн ушагына кирип башкаларды күнөөлөгөн болбойт. Мен Өмүрбек Токтогулович жөнүндө кандай сөздөр болуп жатканын айткым келбейт. Андай деңгээлге түшпөйм. Сизге салыштырмалуу Матраимовдор Кара-Сууда көп иштерди жасады. Ар нерсенин чеги болот. Биз беш бир тууганбыз бизге акарат келтире албайсыз.

Бул сөздөр депутат Өмүрбек Бабановга карата айтылды. Бирок ошол учурда жыйында  Бабанов жок болчу. «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Мирлан ЖээнчороевМатраимовдун айткандары жалаа сөз экенин айтты.

«Республика» партиясы дагы үгүт иштерин жүргүзгөн.  Бирок эбегейсиз мыйзам бузуулар менен шайлоо өттү. Спорттук балдар бир-бирден балдарды киргизип жатты. Ушулбу таза шайлоо? Урматтуу Матраимовдор, президент менен жамынбагыла. Президент «таза жана айкын шайлоо болсун» деди. КСДП менен жамынбагыла. Максим Бакиевдин этегинде жүрбөдүңөр беле. Бүгүн эл кимдин ким экенин билет. Спорттук аянтчаларды куруп бердик деп жатасыз. Кайсы акчага салып бердиңиздер? Матраимовдордун бешөөсү тең мамлекеттик кызматтарда иштейт.

Кара-Сууда шайлоодо мыйзам бузуу болду деген фактыларды Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыга турган болду. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина жыйындын башында «Республика-Ата Журт» фракциясы толук курамы менен жыйындын башында катышпаганын сындады.

Эми Матраимовдун сүйлөгөнүн угуп келип калышты. Убагында келип агрессивдүү жооп берүү керек. Төрага, президенттик шайлоо бүткөнчө шайлоо боюнча маселени токтотууну сунуштайм.

Ал ортодо «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова көтөрүлгөн маселе Матраимовдор жөнүндө эмес, шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө болуп жатканын баса белгиледи.

Бул наарзычылыкта мамлекет башчынын аты айтылгандыктан президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев өз пикирин билдирди. Ал Кара-Суу шаарында өткөн шайлоого президентти аралаштырбай эле коюуну сунуштады. Партиянын ортосундагы талаш-тартыш шайлоонун алкагында өтүшү керек экенин айтты.

Эске салсак,  3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн жарышта 3 762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыгып 23 мандатка ээ болгон. “Мекеним Кыргызстан” партиясы 5 мандатка, “Кыргызстан” партиясы 3 мандатка ээ болду. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс», «Республика» жана «Бир бол» тийиштүү добушка жетпей, мандат берилген жок.

Булак:  maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу