Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Текебаев дин ордуна Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясына Искандер Гаипкулов келди.
Бүгүн, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында төрага Нуржан Шайлдабекова И.Гаипкуловго депутаттык мандат тапшырды.
Ө.Текебаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 8 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чеминен кийин мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратылган. «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесине которулган.
И.Гаипкулов буга чейин «РСК Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагалык кызматын жана Эсептөө палатасынын башчысы кызматын аркалаган.
Булак: turmush.kg