Пайдалуу кенеш: Тагынчак(украшение) тагынгандагы эрежелер

1. Бардык тагынчактар бир металлдан жасалган болсун. Же болбосо сырткы өңү
боюнча айкалышып турсун.

2. Бриллиант, рубин, изумруд, сапфир сыяктуу баалуу таштары бар тагынчактарды
кечкисин гана тагынуу сунушталат. Жумушка тагынган туура эмес. Анткени алар жалтырап
башкалардын көңүлүн буруп турат. Такыр эле жумушка тагынчаксыз бара албайм десеңиз,
ташы жок же майда таштары бар анча чоң эмес алтын же күмүш тагынчактарды
тагынсаңыз болот.

3. Жаш курагыңызды эске алыңыз. Классикалык стилдеги баалуу таштары бар чынжыр,
шакек, сөйкөлөр улуу муундагы айымдар үчүн. Мисалы, бриллиант тагынчактар 30 жашка
чейинкилерге сунушталбайт. Алар үчүн көрктүү, жеңил тагынчактар – кичине кулондор,
анча чоң эмес таштары бар илмектер, ичке билерик, чынжырчалар жана ичке шакектер
ылайыктуу.

4. Кымбат жана арзан тагынчактарды аралаштырбаңыз. Мисалы, баалуу таштары бар
тагынчактар менен жыгач, пластика, айнек, бисер сыяктуу арзан материалдардан жасалган
тагынчактар айкалышпайт.

5. Күндүзгү жана кечки тагынчактарды айырмалай билиңиз. Ири таштары бар
тагынчактар, узун сөйкөлөр, жоон билериктер кечки иш-чаралар, майрамдар үчүн
ылайыктуу. Ал эми күндүз бисер, берметтен жасалган тагынчактар, ичке шакектер
ыңгайлуу.

6. Бир эле убакта көп тагынчак тагынбаңыз. Эреже боюнча, үчтөн ашпаган тагынчак
тагынуу туура: сөйкө, шакек, илмек/ сөйкө, брошка, билерик/ сөйкө жана эки шакек жана
башка. Тагынчагыңыздын көлөмү канчалык чоң болсо, саны ошончолук аз болгону жакшы.

7. Тагынчактар менен башка аксессуарларды айкалыштыра билиңиз. Мисалы, жок
дегенде бир тагынчак менен көйнөк же сумка айкалышуусу керек.

8. Сырткы келбетиңизге карап тандаңыз. Мында көзүңүздүн, чачыңыздын жана
териңиздин өңүн эске алыңыз

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу