Окуяны Башкы прокуратура териштирип жатат.
Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура тастыктады.
Кабарда Кожошевдин 10-сентябрга караган түнү асынып калганы айтылат. Азырынча маркум мындай кадамга эмнеге барганы белгисиз.
Башкы прокуратура окуянын чоо-жайы такталып жатканын белгиледи.
Булак: Спутник