Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү?

Узарбек Жылкыбаев 2016-жылы КР Жогорку Кеңешине КСДПдан депутат болуп келгенге чейин саясый чөйрөдө аты белгисиз эле. Анан эле парламентте депутат болуп калгандан тартып “бул кайдан чыкты?” деген суроо жаралып, “Камчы Көлбаевдин балдарынан экен, “Коля киргиз” СДПКнын тизмесине киргизиптир” деген сөз ээрчий баштады.

Мындай сөздүн ээрчишине анын көлдөн экени, кримтөбөл Камчы Көлбаев менен классташ деген сөздүн чыкканы, өзү спорт менен шугулданып, агалары Темирбек менен Толинин авторитеттери себеп болсо керек.

Кыргыз басылмаларынын бирине быйыл августта эле берген интервьюсунда журналист Узарбек Жылкыбаевге суроо салган:

-Сизди массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактардын колдонуучулары криминалитет менен байланышы бар деп айыпташат, сиз буга кандай жооп кайтарасыз? деп.

-Ооба, айрым журналисттер менден бир ооз сурабай туруп, ошондой ушактарды таратып жатышат. Бул мен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болуп келгенден тартып башталды. Албетте мен үчүн менин атымды Саякбай Каралаев же Жусуп Абдракманов сыяктуу белгилүү ысыккөлдүктөрдүн катарында атабай, криминалдык инсандардын же башкача айтканда “каралардын” катарында атагандыгы жагымсыз. Бул таңгалычтуу… Эгер бир нерседен шектенсеңер тийиштүү органдарга кайрылып, тактагыла да. Ушак таратуу менен алектенбегиле, – деп жооп берген Жылкыбаев.

Биздин маалымат булактары билдиргендей, Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көлдүн  Бостери айылынын тың жигиттеринин бири болот. “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев менен параллель класста окуган жана азыр да аны менен классташ катары теңата сүйлөшө алат.

Узарбек Жылкыбаевдин улуу агасы Темирбек Жылкыбаев 1990-жылдарда белгилүү кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен дос болгон. 1994-жылы Ысык-Көлгө эс алууга барган КР Жогорку Кеңешинин спикери Медеткан Шеримкуловдун жан сакчысы менен кагыша кетип, аны көтөрүп жерге чапканда жан сакчы дароо жан таслим болгон. Темирбек Жылкыбаев жаны чыккан жан сакчынын жанындагы Стечкин пистолетин чечип алып басып кеткен. Бирок, милиция тез эле кармап алган.

Абактан качып, издөөдө жүргөн Темирбек Жылкыбаевди Балыкчынын милициясы артынан кууп кармоого аракет кылганда эки милиционерди өлтүрө атып салат жана Балыкчы шаардык милициясынын начальнигин колунан жарадар кылат. Ошондон кийин гана милиция Темирбек Жылкыбаевди атып салып, каза болот.

Бостериликтер башынан эле Чолпон-Аталык уюшкан кылмыштуу топторго баш ийбеген көз карандысыз жаамат катары белгилүү. Ушул эле Узарбек Жылкыбаевдин дагы бир тууган агасы Толи азыр Бостериде өтө авторитеттүү жигиттердин бири жана эч кимге баш ийбеген көз карандысыз жамааттын лидери.

Ал эми Узарбек Жылкыбаев өзү биздин маалыматтар боюнча соттолгон эмес жана эч кандай кылмыштуу топторго мүчө болуп кирбеген.

Саясатчылардан Узарбек Жылкыбаев БШКнын экс-төрагасы, азыркы Чүйдүн губернатору Туйгуналы Абдраимов менен жакшы мамиледе. Ошондуктан Туйгуналы Абдраимов өзү БШКнын төрагасы болуп турган учурда Узарбек Жылкыбаевди 2011-2013-жылдары Ысык-Көл облустук аймактык шайлоо комиссиясына Атайын өкүл кылып дайындаган. 2015-жылы БШКнын төрагасы катары эски досу Атамбаев менен сүйлөшүп, КСДПнын тизмесине кирүүгө жардам берген дешет.

Депутаттыкка тизмедеги кезеги 2016-жылдын октябрында жетип, КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты болуп калат.

Беш айдан кийин эле, КСДП тарабынан 2017-жылдын мартында Ысык-Көл облусунун губернаторлугуна жөнөтүлөт.

Ал эми быйыл, 2018-жылдын 25-июлундагы КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Узарбек Жылкыбаев КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу