ОШ МЭРИ ЖЕРДЕ ТУРУП СҮЙЛӨСӨ БУТУНА СЫЗ ӨТӨБҮ?

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жер менен басса бутуна сыз өтөбү? Дегенибиз интернетке тараган сүрөттө трибунага чыгып сүйлөгөн Ош мэри бут алдына кызыл килем төшөтүп алган. Буга нааразы болгон интернет колдонуучулары Кадырбаевдин бутуна чаң жугуп калабы дешип уу-дуу болушууда.

Арасында бийлик өкүлдөрү эл менен болуп, карапайым калкка жакын болгондо гана абройго ээ болорун айткандар да жок эмес.

Эл менен иштешүү, калкынын алдында кадырга ээ болууну Айтмамат мырза жерге килем төшөтүп сүйлөө деп санайбы же кандай?

Баарыбыз эле жер менен жүрөбүз го, Айтамамат ака асмандан жерге түшүңүз деп айткыбыз келди?

Өзүн бай-манап көрсөткүсү келген Ош мэри былтыр иг-чаралардын биринде жардамчысына кол чатырын карматып отурганы дагы социалдык түйүндөрдө чоң талкууга түшкөн болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу