Ош: милициянын кашын жара тепкен ырчы Жайнаковага соттун өкүмү чыкты

Маалымат кызматынын өкүлү нааразы тарап апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу экенин кошумчалады.

Милициянын кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнаковага 30 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди. Анын айтымында, сот отуруму кечээ, 13-март күнү, өткөрүлгөн.

«Милиция кызматкеринин кашын жара тепти деп айыпталып жаткан ырчы Алтынай Жайнаковага Ош шаардык соту өкүм чыгарды. Жоопкер Кылмыш жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) менен күнөөлүү деп табылды. Ага 30 миң сом айып пул салынды» — деди Осмонкулов.

Ал нааразы тарап апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү саат 02.10дор чамасында Ош шаарынын Кайгуул милициясы шаардын Масалиев жана Абдыкадыров кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде Honda Accord үлгүсүндѳгү автомашинаны алыскы чырактарын жандырып келе жаткан учурда токтоткон. Окуядан чыр чыгып, айдоочу кыз милиция кызматкеринин чекесин жара тепкен.

Айдоочу Алтынай Нематилла кызы убактылуу камакка алынып, 14-январда Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Буга чейин ырчы кызга Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү, бейбаштык) менен иш козголгону маалымдалган болчу.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу