Ош губернатору Таалайбек Сарыбашевдин диплому жасалмабы?

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин диплому тууралуу күмөндүү суроону кабыргасынан коюп келишкен. Бирок, губернатор мырза «лам» деп ооз ачпай кутулуп келет. Чын эле, Сарыбашев буга чейин Ош технологиялык университетине 3-курска дароо отурганы боюнча бизге маалым болгон эле. А бирок ага чейин кайсы окуу жайды аяктаган? Маселе так ушунда. Эгерде оор болбосо ошол ОшТУга келген дипломуңуздун көчүрмөсүн жарыялап койсонуз, бул маселе кайра көтөрүлбөйт эле. Интернеттеги өмүр баянында «базарчы» экени ачык жазылып, анан калса, дипломуңуз жабык болгону кызык болуп туру. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, Сарыбашев жасалма дигоюмдун азабын тартып, мыйзам алдында жооп берип калбайбы? Же Сүйүмбаев менен Илмияновдой болуп мурдун балта кеспейби?..

Булак: ”Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу