Ош базар кайсыл жерге жылдырылат

Ош базарындагы башаламан соода сатыкты жоюу үчүн аталган базарды шаардын четине
жылдырылышы керектиги айтылды. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынын
акими Нурдин Тынаев журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, акимчиликтин кызматкерлери
базардагы башаламан соода сатыкты жоюу аракетин
көрүшүүдө. Ленин райондук администрациясынын
акими Нурдин Тынаев базарды башка жерге
жылдырып, көптөгөн көйгөйлөрдү чечсе боло
тургандыгын айтып, “азыркы учурда шаарды соода
борборлору, азык түлүк саткан чоң дүкөндөр көп эле
ачылып жатат. Ошондуктан шаардын ичиндеги
базардын деле кереги жок. Азыр Ош базарынын
айланасында унаа тыгындары эң көйгөйлүү маселе.
Убакты өткөн сайын базарга байланыштуу
көйгөйлөрдү чечиш керек. Бирок бул маселе убакытты
талап кылат. Анткени бул көйгөйдүн чечилиши кыйын. Саясатташып кетүүсү дагы мүмкүн”,- деди
Нурдин Тынаев.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу