Ош базарда өрттөнгөндөн калган идиш-аяктарды арзан сатып жатышат.

Ош базарда өрттөнгөндөн калган, бирок колдонууга жарактуу товарларды арзан сатып жатышат. Бул тууралуу шаар тургундары маалымлдашууда.

Негизинен казан, чака, мискейлер эки эсе арзан сатылууда.

Мисалы, 1500 сомдук казандарды 500 сомго алууга болот.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Ош базарында өрт чыккан. Ага чейин, тактап айтканда 5-мартта жана 30-январда дагы аталган базардын бир бөлүгүн тилсиз жоо жалмаган.

Бүгүн  болгон өрттү эртең мененки саат 7:40та өчүрүштү.Беш өрт өчүргүч жабыркап иске ууланды. Атайлап өрттөө версиясы да айтылууда.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу