Ош базарда чак түштө адам өлүп, эч ким көңүл бурган жок

Бүгүн, 17-июньда түшкү саат 13:00 чамасында Ош базарында эркек киши каза тапты. Сөөктүн башына ак чүпөрөк жаап коюшкан.

Бирок тегерек-четте ондогон адамдар жүргөнү менен эч кимиси ага көңүл бурган эмес.

Адамдын жансыз денеси базардын негизги киреберишинде жатат. Ысык күндө какталып жаткан сөөктү милиция кызматкерлери далдоо жерге алышпай же тегерек четин тозушкан эмес. Айтымдарында соттук-медициналык экспертизынын унаасы кечигип жатат.

Күбөлөрдүн айтымында сөөктүн күнгө какталып жатканына бери дегенде эле бир жарым саат өттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен ал 50-60 жаш курактагы киши. Ош базарына кайыр сурап келгенине үч-төрт күн болуп калган.

Булак: 5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу