Ош: алты жетекчи жаңы кызматка дайындалды

Ош шаарындагы 12 аймактык кеңеш бириктирилип, 6 муниципалдык аймактык башкармалык түзүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ош шаарынын мэринин буйругу менен төмөндөгүлөр жаңы муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды:

  1. Мирзабаев Равшан Хекматуллаевич – №1 “Туран” 
  2. Жунусбаев Сонунбек Калмаматович – №2 “Сулайман-Тоо” 
  3. Самиева Нурила Камиловна -№3 “Керме-Тоо” 
  4. Жээнбеков Азиз Арстанович – №4 “Манас Ата” 
  5. Исмаилов Хамидулло Халилиллаевич – №5 “Амир Темир”
  6. Паизова Венера Сулаймановна- №6 “Курманжан Датка”. 

Мэриядан билдишкендей, жаңы түзүлгөн башкармалыктардын штат бирдиги көбөйөт жана башчы өзүнүн тиешелүү аймагында жетекчилерди жумушка коюу же жумуштан алуу сунушун бере алат.

Ошондой эле мындан ары кандайдыр бир курулушту баштоо башкармалык жетекчисинин уруксатысыз ишке ашпайт.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу