Оштун башчылыгына татыктуу талапкер бар, ал — Мирлан Аматбеков.

Ош шаары мамлекетибиздеги экинчи борбор катары, калкынын саны дагы көп шаар. Шаардын экономикасын көтөрүү, социалдык абалын жакшыртуу, жаңылоо боюнча кам көрө алган чарбачыл жетекчи келиши керек. Убагында, Мелис Мырзакматов дагы жаш курагында келип, аз эле мезгилде болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жараткан. Азыр дагы жаратман мэр келишине шаар тургундары өз пикирибизди айтышыбыз керек. Мисалы, Ош шаарына башчы болуп келет деп мурда саясатта, жетекчилик кызматта иштеп жүргөн 3-4 кишинин ысымы аталып жатат. Арасында аткаруу бийлигинде жүрсө деле, өзгөчөлөнүп ийгилик жаратып же жаңылануу кылып таанылганы жок. Мен сыяктуу жаштар — калаабызга жаш жетекчи келишин каалайбыз. Ош шаардык кеңешинин депутаты Аматбеков Мирлан Толонбаевичти мэрлик кызматка талапкерлигин көрсөтүүсүн сунуш кылат элем. Ал, кесиби Өндүрүш боюнча менеджер, экономист. Шаардык кеңештин депутаты катары дагы активдүү. Экономикалык жана социалдык саясат боюнча өтө орчундуу ойлорду айтат. Келгиле достор, жаштарды колдойлу! Медербек Акылбаев, Ош шаарынын тургуну.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу