Ошто окуучулар клейге ууланганы аныкталды

Ош шаарындагы №54 орто мектептин жогорку классынын окуучулары клейден ууланганы аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Райхан Абдразакова «Азаттыкка» билдирди:

— Клейди ошол эле класстын окуучусу базардан сатып алып келген экен. Ал аны досторуна көрсөтүү максатында алып келгенин айтты. Клей эксперизага жиберилди. Азыр жыйынтык чыга элек. Бул бала мурда клей колдонуп жүргөнбү же жокпу иликтенип жатат.

25-апрелде аталган мектептин 16 окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түшкөнү кабарланган.

Милициянын бүгүнкү маалыматына караганда, клейден он төрт окуучу жана эки мугалим ууланган. Алардын баары ооруканада медициналык жардам алгандан кийин үйгө чыгарылган.

Дарыгерлер окуя болгон күнү окуучулардын бири белгисиз суюктукту класска чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаганын билдирген.

Булак: «azattyk.org»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу