Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталат

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, спорттук иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.

Мелдештер Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында бүгүн, 29-октябрда башталып, 3-ноябрга чейин уланат.

Оюндарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 9 команда катышат. Байге фонду эки миллион сом.

Иш-чаранын алкагында “Жаныбарым Гүлсары” деп аталган ат оюндары да болот.

Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу