Кечээ Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы “Встреча у Дастана” кафесинде газ баллон жарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Авазбек Айтиев “Азаттыкка” билдиргендей, жарылуу “Встреча у Дастана” кафесинде кечки саат алтыда болуп, окуядан бир адам каза болду. Мерт болгон аял 1970-жылы туулган кафенин ашпозчусу болгон.
Мындан башка дагы бир адам ууланып, ооруканага жеткирилди. Жарылуудан кафенин 350 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Учурда адистер газ баллондун жарылуу себебин иликтеп жатышат.
Булак: Азаттык