ОШТО КАРУСЕЛЬ КУЛАП 4 АДАМ ООРУКАНАДА

Ошто карусель кулап 4 адам ооруканада. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 14-майда болжол менен саат 17.00 чамасында болгон. Анда Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Натыйжада, жабыркашкандардын төртөө Ош шаардык ооруканасына жаткырылган.

“Алардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Андан сырткары 4 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө кетишкен.  Кырсык болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат”,-деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу