Ошто жер сатуу тууралуу даттанган адамдардын адвокаты сабалды

Оштун Кара-Суу районунда мыйзамсыз жер сатуу боюнча жергиликтүү тургундарга адвокаттык кылып жүргөн Айсалкын Карабаеваны белгисиз адамдар сабап кетишти. Окуя 17-декабрда Кара-Суу райондук сотунун жанында болгонун Карабаева «Азаттыкка» билдирди.

Ал мээси чайкалып, Ош шаардык ооруканасына жатты. Оорукананын дарыгерлери Карабаеванын айткандарын тастыкташты.

Адвокат Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин атына арыз жазып, окуяны териштирүүнү өтүнгөн. Облустук милициянын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы такталган соң маалымат берилерин билдирди.

Айсалкын Карабаева бир жылдан бери Папан айыл өкмөтүндө жер сатуудагы жемкорлук иштерине даттанган тургундардын укугун коргойт. Ал сабаган кишилерди жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жалдаган болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу