Отуз эки күн ичинде өзгөрүү…

Сиз өзүңүздүн жакпаган жактарыңызды өзгөрткүңүз келет, бирок бул максатка кандай жетиш керек экенин билбейсиз. Андай болсо, бул кеңештерди пайдаланыңыз!

1. Ушуга чейин «окуш керек» деген китепти колуңузга алып, отуз эки күн ичинде толук окуп чыгыңыз.

2. Күндө жаңы нерсе издеңиз. Мисалы, бакчаны отоо, сизге белгисиз элдин борбор калаасы, көчөдө жолуктурган иттин тукумун, өзүңүзгө тааныш эмес дүйнөнү таанып-билүүгө умтулуңуз.

3. Жашооңуздагы өзүңүз ыраазычылык менен эске ала турган 5-10 нерсени кагазга жазыңыз, бул тууралуу дүйнөнүн психологдору ар дайым айтып турушат.

4. Ушул отуз эки күн ичинде эч нерсеге арызданып, чагымданбаңыз. Нааразычылык билдирүүнүн алдында өзүңүздү токтотуңуз!

5. Күнүнө аз дегенде бир саат кошумча каражат табуу жолдорун издештирүү менен алектениңиз.

6. Спорт менен машыгыңыз.

7. Отуз эки күн ичинде өзүңүздүн ким болгуңуз келээрин жана максаттарыңыз тууралуу көп ойлонууга тырышыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу