Осмонбек Артыкбаев Атамбаевдин калпын чыгарды

Жараткан Кудайды өтө көп оозанып сүйлөгөн экс-президент А. Атамбаев каратып туруп калп сүйлөп кое турганын да көрсөтүп алды. Тактап айтсак, ал 31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында колуна кандайдыр бир кагазды кармап алып, «Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча тендерлерди С. Жээнбеков башында турган өкмөт өткөргөн» деген болчу.

Муну коомдук ишмерлер, айрым саясат таануучулар өтө чоң айыптоо катары баалашты. Экс-президенттин учурдагы мамлекет башчысынын дарегине карата айткан мындай айыптоосу албетте көңүл бурдурбай койбойт.

Бирок, жалгандын өмүрү өтө кыска боло турганы бат эле билинди. А. Атамбаевдин убагында энергетика министри болуп турган учурдагы ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев 4-апрелде депутаттык убактылуу комиссиянын жыйынында (Бишкек ТЭЦи боюнча) А. Атамбаевдин жалган айтканын бышыктап койду.

«Иш 2011-2012-жылдары башталган, ал эми ТВЕАны 2012-жылдын аягы, 2013-жылдын башында аныкташты. Мен 2013-жылдын 22-майында министр болдум, ал убакта модернизациянын баасы 396 млн долларга белгиленген, техникалык-экономикалык негиздемеси келген. Анан премьер тараптан бааны төмөндөтүү тапшырмасы берилген. «Электрдик станциялар» ААКсы ишти жүргүзүп жана бааны 390 млн долларга түшүргөн. Андан кийин мен жетектеген делегация кытай компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана бааны 386 млн долларга төмөндөткөн. Андан кийин келишимдин ратификациясы болду, иш башталды, 2014-жылдан тарта долбоор башталды», — дейт О. Артыкбаев.

Ал эми азыркы учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 13-апрелинде гана премьер-министрлик кызматка барган. Андыктан Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча тендерди өткөрүүгө эч кандай катыштыгы болгон эмес. Ошондо экс-президент А. Атамбаев эмне үчүн мындай көз көрүнөө эле жалганды айтып салган болот? Болгондо да бир өлкөнүн башчысынын дарегине карата жалган маалымат менен кадыр-баркына көлөкө түшүрүү аракетин жасабадыбы. Бул үчүн ал тиешелүү жоопкерчилигин тартабы?

Булак:Мезгил

Аргумент.kg
Жооп калтыруу