«Осмонбек Артыкбаевди качырышты» деген имишти таратуучулардын максаты эмне?

Мына ушундай имиш атайылап таратылып жатканы белгилүү болуп калды. Аны кимдер таратышы мүмкүн экендигин да божомолдоо кыйын эмес. Мындай имишке элди ишендирип, анан «бийлик коррупционерлерди четинен бошотуп жаткан турбайбы» деген коомдук пикир жаратуу менен элдин нааразычылыгын пайда кылууну көздөшүүдө. Эгерде ошол имишти таратып жаткандар көздөгөн максаттарын жүзөгө ашыра алышса, анда өздөрү да дээрлик алты жыл бою «боткосун» чалган коррупциялык иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтен кутула алышат. Демек, имишти кимдер чыгарып жатканын түшүндүңүз окшойт. Бирок, О. Артыкбаев эч жакка качкан жок. Чындык ушундай. Анын жактоочусу да, өлкөбүздөгү эң абройлуу кардиологиялык борбордон да О. Артыкбаевдин дарыланып жатканын билдиришүүдө. Кыргызда «таба эмес, тооба кыл» деген сөз бар. Анын сыңары ооруп аткан адамды табалабайт. Имишти таратып жаткандар бул аракеттери аркылуу О. Артыкбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө да психологиялык кысым жасагылары келип турганын байкоого болот. Аларды ар кандай мыйзамсыз кадамдарга атайылап түрткүлөрү келет. Бирок, мындай ыплас технология менен маалымат саясатын жүргүзгөндөр, эртең өздөрү казган орго өздөрү түшө турганына ишене бериңиз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу