Орусия убада берген аскердик техника Бишкекке жеткирилди

Орусия Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында убада берген аскердик-техникалык жардамдын бир бөлүгү Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, чек араны коргоо жана өткөрмө пунктарын жакшыртуу максатында 123 автоунаа жана инженердик техника каражаттары жиберилген.

Алардын арасында тоо шартында жүрчү 108 автоунаа, эки автокран, төрт санитардык автоунаа, эки жүктөөчү жана башка техника каражаттары бар.

Аны тапшыруу 15-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтмөкчү. Ага кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков баш болгон расмий өкүлдөр катышары күтүлүүдө.

Орусия менен Кыргызстан техникалык жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылы макулдашууга кол коюшкан. Анын алкагында чек ара жана өткөрмө пункттарын ЕАЭБдин шартына ылайыкташтырыш үчүн техника жагынан жардам бермек.

Орусиянын элчилиги бул жардамдын экинчи бөлүгү быйыл жыл аягына чейин жеткирилерин кабарлады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу