Орусия менен Англиянын кризиси бүткүл дүйнөгө таасир тийгизе баштады…

Англия менен Орусиянын ортосундагы тыңчы кризиси күчөп баратат…

АКШ жана 14 Европа Биримдиги өлкөсү, Орусиянын дипломаттарын өлкөсүнөн чыгара тургандарын жарыялады.

АКШ, мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипалдын Англиянын территориясында ууланышы себебинен Англия менен колдошуу үчүн 60 орус дипломатын өлкөсүнөн чыгаруу чечимин чыгарганын жарыялады.

60 дипломаттан 48нин Орусиянын Вашингтондогу Элчилигинде кызмат кылган кызматкерлерден, калганынын борбору Нью-Йорктогу  БУУда кызмат кылган кызматкерлерден турганы белгиленди.

Айрыкча Орусиянын Сиэтлдеги  консулдугу да жабылат.

АКШдан чыгарылышына чечим чыгарылган орус дипломаттарга АКШдан кетүүлөрү үчүн 7 күндүк мөөнөт берилгенин маалымдаган АКШлык жооптуу кызматкерлер, «Орусиянын чалгындоо кызматынын кыймылдары барган сайын агрессивдүү боло баштаганы» себебинин чыгарылган чечимде таасирдүү болгонун жактады.

Орусиянын жообу болсо кечиккен жок. Москва эң аз 60 АКШлык дипломатты өлкөдөн чыгара тургандарын жарыялады.

АКШдан тышкары бир топ өлкө да Англияга колдоо көрсөтүш үчүн орусиялык дипломаттарды өлкөсүнөн чыгармакчы.

Англиянын тышкы иштер министри Хейко Маас, Министрликтин расмий Твиттер барагынан берген маалыматында, Салисберидеги уулануу окуясынын ачыкка чыгарылышы боюнча Орусиянын дагы деле салым кошпогонунун айынан Германиянын бүгүн 4 орус дипломатты чек арадан чыгарганын жарыялады.

Украина13, Польша жана Франция төрттөн, Литва жана Чехия үчтөн, Голландия жана Дания экиден, Эстония жана Латвия бирден орусиялык дипломатты өлкөлөрүнөн чыгып кетишин талап кылды.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, 14 ЕБ өлкөсүнүн орус дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарганын жарыялады.

ЕБ-Түркия Саммитине катышуу үчүн Болгариянын Варна шаарына барган Туск, алдыдагы күндөрдө калган ЕБ өлкөлөрүнөн да ушундай чечимдер чыга турганын жана кошумча чара көрүүлөр болушу мүмкүн экенин айтты.

Канада да Англия менен колдошууну максаттап 4 орус дипломатты өлкөдөн чыгара турганын жарыялады.

Англия 4-мартта Салисбери шаарындагы кол салууда колдонулган уулуу химиялык заттын Орусиядан чыгарылганын жактап, Москва башкаруучулугун күнөөлөгөн.

Англия, алгачкы кадамда 23 дипломатты өлкөдөн чыгарган, күнөөлөөлөрдү четке каккан Орусия болсо жооп иретинде ошондой эле сандагы англис дипломатты чек арадан чыгаруу чечимин чыгарган.

Булак: «trt.net.tr»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу