Орусиянын Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында спирттик ичимдикти ичкенден улам 8-классты бүтүргөн окуучу каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.
Маалыматка караганда, өспүрүм кыз «жин-тоник» ичимдигинен 1,5 литр ичкен. Оор абалда ооруканага жеткирилген кыздын өмүрүн дарыгерлер сактап кала алышкан эмес.
Алдын ала айтылган божомолдор боюнча, кыз ичкен ичимдик фальсификацияланган болушу мүмкүн.
БУЛАК: СУПЕР.kg