Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, маркумдун сөөгү мекенине 25 апрелде жиберилди. 25 жаштагы Ж.А. аттуу келиндин муунгандан калган тактары бар жансыз денеси 19апрелде Москва облусунун Люберцы районундагы батиринен табылган. Анын алты айлык боюнда болгон. Батирде келин менен чогуу дагы төрт кыргызстандык жаран жашаганы кабарланган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон.
24апрелде элчиликтин кызматкерлери Люберцы райондук тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугуп, маалымат алышты. Ага ылайык, аталган тергөө бөлүмү тарабынан келиндин өлүмүнө байланышы барларды аныктоо иши жүрүүдө. Полиция кызматкерлери зарылчылык болсо, бул ишке тиешеси барлар издөөгө да алынарын маалымдашкан.
Бул иштин андан ары өнүгүшүн элчилик көзөмөлдөп турмакчы
24апрелде МоскваБишкек каттамындагы учак менен Токмок шаарынын элүү жаштагы тургуну Талантбек Султакановдун сөөгү мекенине алынып келинген. Анын бычакталган жансыз денеси 18апрелде Москвада өзү жашаган үйдүн алдынан табылган. Кылмышка шектүү делип орусиялык үч жаран кармалган.
Булак: Азаттык