Орусияда Кыргыз жараны аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат. Окуя кызганычтан улам болгон дешүүдө

Орусиянын Москва шаарындагы Краснодар көчөсүнөн кыргыз келиндин бычакталып каза болгон жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатканын жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен орусиялык «360» телеканалы 12-сентябрда маалымат таратты.

Маалым болгондой, шектүү көчөдө бара жатып 23 жаштагы келинчегине кеминде 10 ирет бычак сайып жиберген. Окуя аталган көчөдөгү видеобайкоого түшүп калган. Видеобайкоодон шектүү аялына бир нече ирет бычак сайып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот.

Алган жаракатынан улам каза болгон келиндин жансыз денесин көчөдө өтүп бара жаткандар көрүп полицияга маалымдаган. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганы кабарланды. Алдын ала иликтөөгө караганда шектүүнүн келинчегин өлтүрүшүнө кызганыч себеп болушу мүмкүн.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу