Орусияда кыргызстандыктар бараткан автобус кырсыкка кабылды

16-сентябрда Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандан бараткан автобус аварияга кабылганын аймактагы милицияга таянуу менен “Российская газета” басылмасы жазды.

Кырсык таңында М-5 жолунда болгон. Андан бир адам каза болуп, беш адам жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай калган. Транспорт жол четиндеги устунду сүзгөн.

Кырсыктын себептери, каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу