Орусияда ИМ тобуна кошулмакчы болгон кыргызстандык жаран кармалды

Орусияда ИМ тобуна кошулуу үчүн Сирияга бара жаткан кыргызстандык жаран кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Самара облусунун полициясы 22 жаштагы кыргызстандык жаранды көптөн бери иликтеп жүргөн. Шектүү бир нече жолу Сириядагы согушту, ИМ тобунунишмердүүлүгүн колдогон пикирлерин жарыялаган. Анын Сирияга барып, террордук уюм тарабында согушууга даярданып жүргөнү аныкталган.

Кыргызстандык жаран кармалып, ага кылмыш иши козголду. Орусия мыйзамдарына ылайык, ал сегиз жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандан Сириядагы согушка 500дөн ашуун адам кеткен. Арасында аялдар да бар. Алардын көпчүлүгү Түркия аркылуу, айрымдары Орусияда иштеп жүрүп кетишкен.(ZKo)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу