Орусияда дагы бир кыргыз жараны каза тапты

Орусия мамлекетинин Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жаран көлгө чөгүп
каза болду. Ал 1969-жылы туулган Калыс Турсунбаев аттуу жаран болгон. ТИМдин
билдиргенине караганда маркумдун сөөгү өлүк сактоочу жайда сакталып турат.
Мекендешибиздин кандай себеп менен өлгөндүгү азырынча белгисиз. Экспертизадан
кийин гана өлүмдүн себеби аныкталмакчы. Укук коргоо органдарынын маалыматына
караганда анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу