Орусиядагы мигранттардын 36 миллион рублдан ашык айлыгы өндүрүлдү

Мамлекеттик миграция кызматы билдиргендей, быйылкы жылдын алты айында Орусияда иштеген 433 кыргызстандык эмгек маянасын ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды.

Элчилик менен биргелешкен иш-аракеттерден кийин жалпысынан 36 миллион 754 миң рубль акча өндүрүлгөн.

Жумуш берүүчүлөр акчаны өз ыктыяры менен берүүдөн баш тарткандыктан, 243 кайрылуу Орусиянын Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди.

Расмий маалыматка караганда, азыр ар кайсы чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 800 миңден ашат. Анын 640 миңден ашыгы Орусияда. Иш жүзүндө Орусиядагы кыргызстандык мигранттар миллиондон ашканы айтылып жүрөт.

Орусиядагы мигранттар убактылуу каттоо, «кара тизмеден чыгуу» маселелери менен, жумуш берүүчү менен эмгек келишими түзүлбөй, маяна ала албай калган учурларда көп кайрылышат. Былтыр маянага байланыштуу 2180 миңден ашык мигранттан кайрылуу түшүп, жалпы суммасы 41 миллион рубль акча өндүрүлгөнү кабарланган.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу