Орун басарлардын санын качан кыскартабыз

Алакандай мамлекетибизде «шапке» көтөргөн чиновниктер арбын экени айтылып, реформа аркылуу кыскартуу керектиги байма-бай айтыоып келет. Анын фактысын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен көрдүк, адегенде «карвалол» чатагы менен бир орун басары З.Каденова, андан кийин АКШдагы акчанын айынан экинчи орун басар Л.Мамытова кетти. Бир күн өтпөй эл аралык сапардагы чыр менен министр Т.Исакунова, ага улай үчүнчү орун басар Ж.Полотова кызматынан айдалды. Учурда дагы бир министрдин орун басары калыптыр. Көрсө биз ушундай системанын айынан өнүкпөйт экенбиз да. Ар бири сайран куруп чет өлкөгө чыгарын, жарым миллион сомду окуусуна эле короторун көрдүк. Качан ойлонобуз?

Булак: «Мантыш» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу