Орто-Сай базарында өрт чыкты (фото)

Бүгүн, 8-майда Орто-Сай базарынын жанында жайгашкан “Каухар” бизнес-соода борборунда өрт чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өрттү толугу менен өчүрдү. Окуя болгон жерге ИИМдин куткаруучү тобу да иш алып барды.

Өрт чыккандыгы боюнча маалымат саат 11:30 чамасында ӨКМге келип түшкөн.

Мекемеде медициналык борборлор, бир нече банктын филиалдары, жеке фирмалар жайгашкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттөн жабыркаган жарандар жок.

 

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу