ОРОЗО ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕСИЗ?

 Мына ошентип мусулмандардын ыйык айларынын бири болгон Орозо айы да кирип келди. Рамазан айында баардык мусулмандар отуз күнү бою Орозо кармашат. Дал ушул айда бир гана ооз бекитип гана койбостон, андагы эрежелерди да толук сатоого тийиш. Андыктан бүгүн биз Орозо тууралуу сөз кылабыз.

ОРОЗО – ОРГАНИЗМДИН ТАБИГИЙ ТАБЫПЫ

Орозо – табигий табып десек болот. Орозо учурунда организм уулу заттар, шлак, туздар жана башка мусордон тазалана  баштайт. Себеби сырттан келип жаткан азык заттар түгөнгөндө, организм өзүн сакташ үчүн ички элементтер менен азыктана баштайт.  Ички элменеттер деген эмне? Шлактар, туздар, радикалдык элементтер, вирус жана микробдор. Булар организмибиз үчүн жакшы азык болуп ал тарабынан жеп жоголонот.

Андан тышкары. Узак убакыт ачка болгондо тамакты сиңирүүгө кетип жаткан энергия — клеткаларды тазалоого сарпталат: адамдын заарасы, тери, деми аркылуу жылдап денебизге толуп калган кирлер чыга баштайт. М: Орозо учурунда 1 литр заарадан 90г кир, дем аркылуу 150 уулу заттардын түрү чыгат.

Адам эмнеге ооруйт? Организм кир жана шлакка толуп калгандан ооруйт. Демек орозо – бул табигий табып десек болот. Далилденген илимий факт боюнча оорулардын 99 пайызын орозо кармап денеден шлактарды чыгаруу аркылуу жеңсе болот экен.

Орозо учурунда организмдин функцияналы өзгөрүп, тээ тереңдикте уктап жаткан механизмдер ойгонуп – дене жаңыча иштей баштайт. ОРОЗОНУН МЕДИЦИНАЛЫК МААНИСИ – ОРГАНИЗМ СЫРТТАН ТАМАК-АШ АЛБАГАНДА – ӨЗҮНҮН ИЧИНДЕГИ ЗАТТАР МЕНЕН АЗЫКТАНУУГА ӨТҮШҮ. Бул дегендик организм өзүн-өзү тазалоосу (самоочищение).

Орозо рак илдеттеринин коркунучун азайтат.

Көбүн эсе адам туура эмес тамактангандан ооруйт.

Адамзат жылына 3 миллион тонна дары-дармек ичет – бул канча деген миллиард сом! Ал эми тамак-ашка кетирген каражат канча эсе көп. Көбүн эсе адам туура эмес тамактангандан ооруйт. Анан ушандай болуп калып жатпайбы: адам тамактанам деп балээнин баарын организмине толтура берет, ооруйт, анан кайра айыгам деп дары-дармек ичи берет. Бирок экинчиси биринчисинен пайдалуураак эмес.

Орозо – организм үчүн табигий дары. Ал аркылуу дененин өзүнүн ички ресурстары ачылып, организм өзүн-өзү дарылоого өтөт. Мына, айбанаттарды карасаңыздар. Бир жери ооруса алар жаратылышындагы инстинкт аркылуу “орозо” тутуп киришет. Ушундай бир окуя болгон: бир итти мотоцикл сүзүп кетет. Ал тамак жана суудан баш тартып, караңгы сарайда бир жума жатат. Сегизинчи күн болгондо гана суу ичип, анан кичинеден тамак жей баштайт. Медициналык көз караш менен алганда – бул жаныбар кырсык учурунда травма алган, жаратына суу толо баштаган (отёк). Ит суу ичүүдөн баш тартып өз жаратын айыктырып алды, ошентип аман калды.

Аллахтын буйруктарынан алыстап, мыйзамдарын бузган сайын адам кыйынчылыкка дуушар боло баштайт эмеспи. Мына, орозо тутпаган адамдар көп оорушат, алсыз, чабал келишет. Көрүп эле жүрбөйбүзбү.

 Орозо кимдерге парз болот?

  1. Мусулманга, мусулман эмес адамга милдеттүү эмес.
  2. Бой жеткен адамга, жаш балдарга милдеттүү эмес.
  3. Акылдуу адамга, жинди адамга милдеттүү эмес.

Кимдерге орозону кечиктирүүгө уруксат берилет?

  1. Сапарда жүргөн мусаапыр адамга.
  2. Ден-соолугу начар оорукчан адамга.
  3. Этек кир көргөн, же төрөттөн кийин тазаланып жаткан аялга.

Орозого качан ниет кылуу керек?

Орозо ибадат, ибадат ниетсиз болбойт. Ал эми ниеттин орду жүрөк.

Рамазан айынын орозосун кармоо үчүн, түндө ниет кылуу керек. Саарлыкты жеп ооз бекиткенден кийин ниет кылса, же тили менен ниет кылбай, орозо кармоо үчүн тамактанган болсо да дурус болуп эсептелет. Саарлыкка тура албай уктап калган болсо, чак түш болгонго чейин ниет кылып калса анда да ниети дурус болот.

Орозо качан бузулбайт?

  1. Унутуп жеп же ичип алган учурда.
  2. Унутуп жубайы менен жакындык кылып алса.
  3. Кокусунан түтүн, чаң жутуп алса, же тамагына чымын-чиркей кирип кетсе.
  4. Жунуб (жуунуп-тазалануу) милдеттүү болуп калып, бирок кечке чейин жуунбай жүрүп алса. Бирок жуунбай жүрүү макрү тахримий (арамга жакын иш кылган) болот, анткени жунуб адамдын намаздары окулбай каза болуп калат.

Орозо төмөнкү учурларда бузулат жана анын каффааратын тутуп берүү милдеттүү болот.

  1. Атайлап тамак-аш жеп алса же суусундук ичсе.
  2. Аялына жакындык кылса.
  3. Чылым же насвай чексе.
  4. Буудайдын данын же ошонун көлөмүнчөлүк нерсени жесе.

Жогоруда айтылган учурларда оозун ачып алган адам, орозосунун каффаратын өтөөгө милдеттүү болот.

Каффарат:

  1. Кул азат кылуу.
  2. 60 күн катарынан үзгүлтүксүз орозо кармоо.
  3. 60 кедей-кембагал адамды тамактандыруу, (эртең мененки жана кечки тамак ).

Каффааратты өтөөдө эң биринчи кул азат кылуудан баштайт, эгер күчү жетпесе анда алтымыш күн удама-уда орозо кармайт, эгер ага да күчү жетпесе алтымыш кедей адамды тамактандырат.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу