Орозодо ооз жабарга уктап калган адам эмне кылат?

Рамазан айында ооз жабарга турбаган адам ошол күнгө орозосун ниет кылып, эч нерсе жебестен ооз бекитет.

Себеби, Пайгамбарыбыз (с.а.в) «ашура күнү» жарчыга муну жарыя кылууга буюрду: «Эгерде кимдир бирөө билбестен бир нерсе жеп койгон болсо, оозун күндүн аягына чейин бек бойдон кармасын. Ал эми эч нерсе жебеген адам, ошол бойдон жебесин (орозо кармасын)!».

Бул хадистен белгилүү болгондой, орозо учурунда ооз бекитүүгө турбай таң атырган киши ошол бойдон ниет кылып орозосун улантып, кармай бермекчи.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу