Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты

КТРК жеткечиси эки жылга созулган бул аудитти өткөрүүгө өзү демилгечи болгонун билдирди.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Илим Карыпбеков телеканалдагы 57 миллион сомдук зыян боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.

Эске салсак, КРдин Эсеп палатасы коомдук каналда аудит жүргүзүп, бир катар зыян келтирүүлөр боюнча отчет даярдаган.

Карыпбеков жообунда “өз жетекчилиги кезинде кандай кемчиликтер кеткенин билүү максатында” эки жылга созулган аудитти өткөрүү боюнча өзү демилгечи болгонун айтты.

«Албетте талаш-тартыш жарата турган учурлар бар. Бирок биз негизинен аудиттин жыйынтыгына канааттандык. Мен жоопкерчиликтен качпайм. Ар бир пунктту үчүн тиешелүү органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Бир нерсеге даана көзүм жетет, теле тармагын жөнгө салып турган азыркыдай мыйзамдар менен биз өнүгө албайбыз”, — деп жазды Карыпбеков.

Анын пикиринде замандын талабына ылайык, атаандаштык жарата турган шарттарды түзүү үчүн тез арада мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Булак: Спутник 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу