ОО, КЫРГЫЗ КЫЗЫ ООНДО!.

КРнын Экс-Президенти Роза ОТУНБАЕВА Бириккен Улуттар Уйумунун эң жогорку деңгээлдеги ортомчулук Кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Мындай жагымдуу маалыматты 13-сентябрда Бириккен Улуттар Уйумунун Башкы катчысы Антонио ГУТЕРРЕС өзү кабарлады.

Аталган жогорку даражалуу комиссиянын курамына Чилинин Президенти Мишель Бачелет, Шри-Ланканын Конституциялык кеңешинин мүчөсү Радика Кумарасвами, Финляндиянын экс-Президенти Тарья Халонен, Иорданиянын мурунку Тышкы Иштер Министри Нассер Джода, Алжирдин мурунку Тышкы Иштер Министри Рамтане Ламамра, Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти Роза Отунбаева, Гватемалы Өлкөсүнүн мурунку Тышкы Иштер Министри Герт Розенталь, Кентерберийскийдин Архиепискобу Джастин Уэлбиге окшогон дүйнөгө аты таанымал мен деген 18 дөө-шаа  мүчө болуп киришкени кабарланды.

 

Булак:Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу