Оор басырыктуу адамдар ийгиликти багындыра алат…

Статистика боюнча оор басырыктуу адамдар ийгиликке бат жетет экен. Болгону аларга бир канча сапаттарды кошуп коюу керек.

Психолог Мила Левчуктун айтымында мындай түргө кирген адамдарга өжөрлүк, максаттуулук сапаттар жардамга келет. Башкача айтканда алар дал ушул сапаттар менен кошо айлана-чөйрөдө өздөрүн бат көндүрүп, андан ары улап кетишет. Мына ушулар менен алар турмуштун сыноолорун да жакшы көтөрө алышат. Көрсө оор басырыктуу адамдар жашоосундагы жетишпестиктерди, тартыштыктарды чыдамкайлык менен гана жеңишет экен. Ошондой эле алар ички жан дүйнөсүндөгү балансты да сактап кала алат. Ушундай жолдорду басып отуруп ийгиликтин туу чокусун багындыра алышат. Мындай түр адамдарда өзүмчүлдүк сапатты кездештире албайбыз. Алар жөн гана колунан келген аракетти жасаган адамдардын түрүнө кирмекчи.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу