Оомал-төкмөл дүнүйө

Кечээ көргөн бүгун жок деген ыр саптары чындыкты кашкайта көргөзөт окшойт.  Болбосо 2010-2011-жылдары таскагы катуу чыгып жергиликтүү хан аталган Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов баатыр болуп турганда, анын тегерегинде тургандар ошол кездеги Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков мырзаны бир топ эле кодулашканы белгилүү. Өзгөчө  “ОБОН” деп аталган аялдар тобу ага чабуулду катуу коюушкан дешет.  Кийин эмне болду? Мырзакматов мекенинен качып жүрөт, ал эми Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болду азыр болсо мүмкүнчүлүгү чоң президенттике талапкер. Ошондо аны жактырбай жектешкендердин басымдуу көпчүлүгү колун жок дегенде бир жолу кысып коюуш үчүн кезекте турат дешүүдө.

БУЛАК: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу