“Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн”

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды. Пирматовдун талапкерлигин 109 депутат колдоду. Мурда аталган комитетти биринчи вице-премьер министр кызматына кеткен Аскарбек  Шадиев жетектеп келген.

Мамлекеттин 250 миллион сомун жеп койгону үчүн убагында кылмыш иши козголуп, ошол бойдон жоопкерчиликке тартылбай жүргөн Пирматов эми үлкөн комитети жетектеп, Кыргызстанга эмне пайда келтирет деп коомдун башы катууда. Ырас эле, “коррупцияга” шектелген адам эл аралык кызматташтыкты кандай өңүттө жүргүзөт болду экен?..

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу