Оозду ачырган үй тууралуу Сегизбаев үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сеггабаев Бишкектеги  Орто-Сай-2 шаарчасына үй куруп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. «Мародерлукка катышкандар, ондогон жылдар бою паракорлук кылып, коррупцияга аралашып жүргөндөр эч кандай факт жок туруп мени мыйзамсыз иштерди жасаган катары күнөөлөп жатышат. Жадагалса кайсы бир заңгыраган имараттын сүрөтүн таап, аны мага таандык кылышты. Бул жалган, мен мунун артында ким турганын жакшы билем. Мени коомчулукка жек көрсөтүү максатын көздөп жатышканын түшүнөм. Мен «чабуулдарга» бута болуп жатканымды да түшүнөм. Себеби, бир кездери ачылган кылмыш  иштерин токтотуу боюнча «сүйлөшүүлөргө» макул болбой, сотко чейин жеткиргем. Мен баарын туура кылганыма ишенем, эртеби-кечпи, ал иштердин фигурантгары тийиштүү жазасын алышат» деди Сегизбаев.

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу