Ооздогу жагымсыз жыттан кантип арылса болот?

Көп суу ичиңиз

Биздин шилекейибиз ооздогу түрдүү бактериялардан коргоп турган касиетке ээ. Оозубуз кургап кеткен учурда, анда микроптор көбөйүп кетип, андан улам ооздо жагымсыз жыт пайда болот. Мындай шартта сизге көп суу ичүү жардамга келет.

Жакшылап тамактаныңыз

Курамы С витамине бай болгон жемиштерди көп жеген жакшы. Мисалга, алма менен сабиз тамактангадан кийин, ооздогу бактериялар менен күрөшүүчү касиетке ээ.

Көк чай ичиңиз

Көк чай антибактериялык касиетке ээ болгондуктан, ооздогу жагымсыз жыттар менен күрөшө алат.

Күнүнө үч ирет тишиңизди жууганды адатка айлантыңыз

Биз жеген тамак-аштардын көпчүлүгү тишибизге такалып калганына байланыштуу, адистер күнүнө үч ирет тишти тазалап жууп туруш керек экендигин эскертет.

Тилди тазалоо

Тишти жуугандан кийин, тилди дагы тазалап туруу кажет.

Канты жок сагыз чайнаңыз

Эгер сиз жолдо болсоңуз, анда канты жок сагыздар сизге жардамга келет.

Спрей колдонуңуз

Спрей дагы ооз көңдөйүндөгү бактерияларды жок кылуучу касиетке ээ.

Тамкеи чегүүнү таштаңыз

Тамеки чеккен адамдардын оозунан жагымсыз жыттардын чыгуусун байкоого болот. Оозуңуздагы жагымсыз жыттан арылам десеңиз, тамекини таштаганга туура келет.

Эгерде сиз жогорку нерселердин бардыгын аткарып, бирок ошондо дагы оозуңуздан жагымсыз жыт кетпей жатса, анда сөзсүз тиш дарыгерине кайрылууңуз керек.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу