Ооганстанда президенттик үчүн 14 талапкер ат салышат

Ооганстанда 20-июлга белгиленген президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо жараяны жекшемби күнү аяктады. Бул мөөнөткө чейин 14 талапкер каттоодон өттү.

Президенттикке талапкерлердин арасында учурдагы президент Ашраф Гани, башкы аткаруучу Абдулла Абдулла, улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Ханиф Атмар да бар.

Гани менен Абдулла олуттуу эреже бузуулар жана добуштарды бурмалоо менен коштолгон 2014-жылкы шайлоого да катышышкан. Анда эки тарап тең шайлоодо утуп чыкканын жарыялап, ооган бийлиги туңгуюкка кептелген.

АКШнын ошол учурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керринин ортомчулугу менен эки талапкер ортосунда мунаса табылып, анын жыйынтыгында Гани президенттик, Абдулла болсо «башкы аткаруучу» деген жаңы түзүлгөн кызматка киришкен.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу