Онтогонуң, жалбарганың жанды чыгарып ийчү…

Инстаграмдан сени капыстан «кезиктирип» алып, жүрөгүм тилинип-тилинип кетти… Көздөрүң баштагыдай эле жоошуй карап, азгырыктуу тигилесиң. Көп сырды катып жашаган жан элең. Сүрөттөрүңдү барактап, эски күндөр эрксизден эске түштү.

Анда сен 18де, менин З0дан ашкан курагым. Экөөбүз жолукканда ортобуз от менен жалынга айланганычы? Көздөрүңдү чылк жумуп алып, таттуу өбүшүүнү өзгөчө жактырчусуң. Мындайда менин колдорум сооруңа түшүп, а сен дароо эле чечингенге шашып, экөөбүз бат эле жылаңач жанга айланчу элек. Бул арада көздөрүң коюулашып, жай кыңкыстай баштайсың… Онтогонуң, жалбарганың жанды чыгарып ийчү…

Ошол көп түндөр тасмадай тартыла берди. Жан дүйнөнү удургутуп, көөдөн ысып, уйгу-туйгу түшө баштадым. СМС жаздым.

— Салам. Күйөөгө тийдиңби?

-Салам. Тийдим. Бирок…

— Ажырашып кеттиңби?

— Ошондой десе да болот…

— Кызык экен. Жолукпайлыбы?

-Мм… Качан?

— Жума аягында…

— А эмнеге бүгүн эмес? — деп жылмайган смайлик жөнөттүң.

-Жоок, мен шаарда эмесмин.

— Сиз дайыма ошондойсуз…

— Мен келгенде байланышайын ээ?

— Макул.

-Көрүшкөнчө…

Экөөбүз ушундай кат алыштык. Баардык көйгөйлөр унутула түштү. Саамга дендароо болгонсуп, кайдагы бир адашкан эски бакытка чөмүлүп алдым. Мындай ирмемдер дамаамат болбойт да эй. Бирок, кичине кыжаалаттык жүрөктү өйкөп турду.

«Эмне себептен ажыраштың экен? Балким, мага көнгөн жаның күйөөңөн ошол жылуулукту таппай, азаптуу таңдарды атырып, мөлт эткен жаштар жаздыгыңа тамгандыр… Сенин каалооң эбегейсиз эле… Кыялың да чорт болчу, чагылгандай чарт-чурт эте түшчүсүң. Ошондоюңан экөөбүз да далай уруштук ээ?» деген ойлор агыла баштады. Адамды жаралап жашайсың да…

Ооба, биз эми жолугабыз. Өзгөрдүң бекен? Баягыдай эле татымың бал ширин болсо… Кыялга батуу менен алыс аралыктан эле ушундай суктанууга эмне жетсин? Кайрадан эле көз алдыма энеден туума ойдолоктогон жылаңач денең тартылат… Туйлайсың да…

Кыян Сары

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу