ОМБУДСМЕН: “САПАНОВГО КАРАТА СОТТУН ӨКҮМҮ – ИНКВИЗИЦИЯНЫН КАРАӉГЫ ДООРУНА КАЙТУУ”

Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Зулпукар Сапановду анын «Кыдыр санжырасы» китеби үчүн 4 жылга эркинен ажыраткан. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Кубат Оторбаев ал китепти окуп чыккандан кийин журналистке карата чыгарылган өкүм анын конституциялык укуктарын жана эркиндигин бузду деп эсептейт.

“Соттун чечими чыккандан кийин мен Зулпукар Сапановдун китебин окуп чыктым. Чыгарманы диндин канондорунан тышкары кароо керек деп ойлойм жана бул жагынан караганда китептин динге тиешеси жок. Ал эркиндикти сүйгөн, курч проблемалар боюнча жарандык бекем позициясы бар, ошондой эле, эки кылымдан бери адамзат башынан өткөрүп келаткан трагедия, согуш жана башка терс көрүнүштөрдү аӊдап, таанууга аракет жасаган адамдын ойлору. Кыргыз Республикасы Конституцияга ылайык демократиялык жана динден тышкары мамлекет болуп эсептелет. Ал эми Баш мыйзамга ылайык ар бир жаран сөз жана чектелбеген ой эркиндигине укуктуу. Ошондуктан, журналистке каршы соттун өкүмүн инквизициянын караӊгы дооруна кайтуу катары мүнөздөөгө болот. Чыгармачылык менен байланышкан иштерди кароодо тергөөчүлөр менен соттор динден тышкары же динден өйдө турушу кажет. Анткени Күн Жерди эмес, Жер Күндү айланат деген пикири үчүн Джордано Бруно өрттөлгөн замандан бери адамзаттын акыл-эси дагы, тутунган мыйзамдары дагы зор прогресс жасады. Бирок ошол учурдун жапайы актыларды ишке ашырган, мурдунун учунан алысты көрө албаган “ишмерлеринин” жасаган иштери ушул күнгө чейин алардын урпактарынын бетине чиркөө болуп келатат” – деп эсептейт Кубат Оторбаев.

“Ал эми азыркы XXI кылымда динден тышкары деп жарыяланган мамлекетте мейли ал туура эмес болсо да өз көз карашын айтканы үчүн адамды абакка отургузуу туура эмес кадам болуп эсептелет”, – дейт Кубат Оторбаев.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Кубат Оторбаев сотту Зулпукар Сапановго карата чечимин кайра карап чыгып, аны камактан бошотууга чакырат.

Булак: Каганат

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу