— Үйлөнгөндө көпчүлүк жигиттердин чыгармачылыгы солгундагандай болчу эле. Сенин да жаңы ырыңа көптөн бери күбө боло элекпиз?
— Мурун ар бир жазган ырым хит болбосо да , күйөрмандарымдын жүрөгүнөн түнөк тапчу. Учурда жазган ырларым көп ырдын арасында калып кетип жатат окшойт . Мисалы, азыр биринен-бири ашкан сода түйүндөр көп. Ошонун сыңары шоу-бизнесте ырчы дагы, ырлар дагы көп. Акыркы 2 жылда хит болот го деп жазган ырларым мурункулардын деңгээлине жетпей калды. Балким , эл кандай ырды каалап жатканын сезбей жаткандарымын. Маданият элди эрчибей , маданиятты эл эрчиш керек го. Максатым – жакшы ыр чыгарганга аракет кылуу. Кээде жөндөн-жөн эле ырларды чыгарып алып жатпайбызбы. Мисалы репертуарымда көптөгөн ырлар бар . Чыга электердин саны жыйырмага жетет. Алардын айрымдары аранжировкасы менен даяр турат. Мурун максатым эл оозуна гана алынуу болсо , азыр маңыздуу ыр жазгым келет. Мен баягы 18-20 жаштагы «Жаш толкун» сынагынан келген жаш бала эмесмин да. Ошондон улам жаңы ырларым чыкпай жатат окшойт. Ал эми үй-бүлөдө келинчегим , тескеринче , «качан жаңы ыр жазасыз,» деп сурап турат.
— « Баягы Омар жок, толуптур» деп жатышкандарын уккам, андай деле эмесго …
— Мурун курсак ачканда гана тамак жесем, азыр кайсы маал болбосун үйдө тамак даяр. Көчөдө жүргөндө келинчегим , «мындай тамак жасайм, тигини –муну ала келиңиз»- деп калат же Whatsappтан азык- түлүктүн тизмесин жиберет . 3-4 маал тамак жеп жатып чын эле толо түшкөм. Азыр орозонун кудирети, касиети менен бираз арыктадым.
— Жубайың экөөң бири-бириңерге сиз деп кайрылчуу элеңер , сенге өттүңөрбү?
— Жаны таанышканда баары эле «кечиресиз , карындаш , таанышып алсак болобу,»- дегендей сиз менен сүйлөшөт да. Мен башында сиз дечимүн , азыр сен дейм. Бирок жубайым сиз деп кайрылат . Ортодо сиз деген сөз айтылбаса , урушкан күндө дагы сылыктык болот экен. «Сен мындайсың»- дегенге караганда, «сиз мындайсыз» деген оор тиет.
— «Сиз мындайсыз» -деген уруш практикаңарда орун алдыбы?
— Урушуп , талашып- тартышкан жокпуз . Бирок, «эмнеге мындай эмес? Эмнеге мындай кылбай жатасыз? — деген сыяктуу таарынычтар болду. Ал деле менин жумушума байланыштуу , кээде түнү менен ыр жазып , телефон чалбай калам. Бизде студиянын көбү жер төлөдө болот , ал жакта телефон тартпайт . Келинчегим мага чала берген болот. Мен трубканы албай койгондо ар кандай ойлор келет окшойт, ошондо таарынып калат.
— Үйлөнгөндө жакындарыңар Таиландга , Дубайга, Европага жолдомо беришти эле, баарына барып келдиңерби?
— Европадан башкасына бардык . Ал жакка ата-энеме бермей болдук . Ата-энебизге сунуштасак , алар макул болушту. Орозо бутсо анан кетишет.
— Ата-энең келин жумшап , колу узарып калса керек?
— Үй-бүлөдө жалгыз эркек эмесминби , эжекем турмушка чыккандан кийин ата-энем мен үчөөбүз жашадык . Мен канчалык элпек болбоюн кыз кишинин ишин кыла албайм да. Акыркы учурда апам «жашын отузга келди үйлөн»- деп көп айта баштаган. Апам келин алгандан бери өзүнө көңүл буруп , конокко көп барып , колу узарып калды.
— Апаң жалгыз келинине үй оокатын өткөрүп бериптир да?
— Чынын айтсам , мен аны түшүнгөн жокмун. Келинчегим эртең менен окууга барат, келгенден кийин жумуштарын кылат . Эмнени өткөрүп берди, эмнени өткөрө элек, алардан сураш керек.
— Келинчегин медициналык академиянын стунденти эмеспи, кандай окуйт, сабактарынан кыйналган жокпу?
— Жакшы эле окуйт, жаңы үйлөнгөндө бал айына кетип бираз аскады окшойт. Азыр аракет кылып окуп жүрөт. Кичинекей кезибизде күнүгө атабыздан жол кире алып кетчүбүз го . Ошол сыяктуу эртен менен менден жол кире алып кетет. Же бир аптага жеткидей берип коём .
— Кыргызда көнүмүш суроолор көп. «Качан үйлөнөсүн”? үйлөнгөндөн кийин “качан балалуу болосун”? деген сыяктуу. Экинчи суроонун жообу кандай болот?
-Кудай качан насип кылса , ошол күнү деп турабыз . Текшерилип да көрдүк, экөөбүздө тең эч кандай оорунун белгиси жок экен. Ар бир намазда дуба кылып, бала сурап жатабыз. Албетте , перзенттүү болуу ар бир адам үчүн чоң белек . Мен “үйлөнгөндөн кийин эле балалуу болушат” -деп ойлочуумун . Андай болбосун азыр түшүндүм . Бизден мурун ата-энебиз күтүп жатат окшойт.
-Тун балаңарды чон атасы багып алабыз дешсе , бересиңби?
— Тун балабызды гана эмес , баарын беребиз. Өзүмө , келин чегиме караганда мен ошол эки адамга ишенем. Экөөтең бала сак , жээндери келгенде кичинекей балдар менен кошулуп бала да болуп кетишет.
-Эки бир тууган эмессиңби, инилүү , карындаштуу болгуң келчүү беле ? Өзүң канча балалуу болууну самайсың?
-Негизи биз төрт бир тууган болчубуз. Улуу байкем чарчап калыптыр, андан кийин мен төрөлүп , өмүрлүү болсун деп атымды Өмүрбек коюшкан . Менден кийинки иним дагы чарчап калган .Кичинекейимден эле көп балалуу болгум келчү. Диана менен таанышканда “канча балалуу болгуң келет ?”- десем жети деди. Менин оюм менен дал келгенине таң калдым.
-Эмнеден коркосуң?
-Ойлорумду , кыялдарымды ишке ашырбай , жашоо менен кош айтышуудан корком.
-Учурдун эркектери майдаланып кетти деп калышат . Сен буга кошуласынбы?
-Толугу менен кошулам . Бул бизди гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан көрүнүш окшойт. Аял киши – үй-бүлөнүн коргоочусу экенин унутуп, ал баалуулуктарды башка кызыкчылыктар менен алмаштырып жатышат .Мисалы, социалдык тармактагы баракчама аялым менен түшкөн сүрөттөрүмдү жүктөсөм , сөзсүз эркектер жазышат . Адепсиз сөздөрдү айтпай эле коёюн . Алар менен жазышкым келет , бирок майдаланып кетемби деп ойлойм. Кээде өтө ыплас сөздөрдү жазгандардын жеке баракчаларына кирип “ эркек болгондон кийин эркек болуш керек” -деп кайрылууга туура келет. Аял кишинин кийимине кандай эркек асылат таң калам. Эркек киши акча таап , үй-бүлөсүн багып, аялын балдарын жаман жолдон коргош керек .
БУЛАК: Супер Инфо гезити