Омардын продюсери Миргүл: «Ооба, кырсыктагандан кийин блефаропластика жасаткам»

Белгилүү ырчылар Омар менен Арсендин продюсери Миргүл Эсеналиева пластикалык операция жасаткандыгын айтты. Ал бул тууралуу жеке баракчасына чыгарды.

Азыр элдин баары «Challenge» дешип, мурдагы сүрөттөрү менен кийинки сүрөттөрүн салыштырып, жарыялап жатышат. Өзгөчө мындай көрүнүш шоу бизнес өкүлдөрү арасында күч алды.

Продюсер: «Мен дагы элден артта калбай он жыл мурунку жана кийинки сүрөтүмдү жүктөйм. Алдын ала жооп берем: Ооба, мен көзүмдүн үстүнө сурма жасаткам, кырсыктагандан кийин блефаропластика жасатканга туура келген»-деп жазды.

Көпчүлүк продюсердин эч жасалмасы жок ачык чыгарган сурөтүнө он пикирлерин жазышты, айрымдары продюсердин мурунку келбетин сындашты.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу