ОЛЖОБАЙ ШАКИР: МЕНИН БАШЫМ КҮРӨӨГӨ КОЮЛДУ! (ТОЛУКТАЛДЫ)

Эй, Вы там, наверху…

АРЫЗ

КР Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевге;

КР Өкмөт башчысы Сооронбай Шарипович Жээнбековго;

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Акунович Турсунбековго;

КР Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдил Кеңешович Сегизбаевге жана атайы укук коргоо органдары менен жалпы эле мамлекеттик күч түзүмдөрүнө, арыз менен коомдук билдирүү жасоого аргасызмын…

Бул арыздын себеби: Нурмухаммед Чомоев аттуу жаран менин дарегиме карата Фейсбук аркылуу «Ким Олжобай Шакирдин бащын кесип келип берсетАЛЛАНЫН ыразычылыгы учун мен сразу 2500 доллар беремин …. личкама жазгыла суйлошобуз» (Н.Чомоевдин жана аны колдогон пикирлери үчүн төмөндөгү С.Жалилов менен А.Абдуллаевичтин жазгандары эч оңдоосуз жарыяланмакчы – О.Ш.) Ал эми Москвада жашаган Самат Жалилов аттуу жарандын «Олжобай жетим сага окшогондордун башына мен да керек болсо миллиард бермекмин», «Этият болгула силер тизмедесинер. Атыласынар!!!», «Башынарды кесип алып келишет бизге башкесерлер. Башкесер эмес озубуз эле кесебиз террористтер кескендей», «Жакында орустар менен чогу америкосторду женип анан орустарды женип бут дуйно жузуно Халифа кылабыз буюрса. Силерге окшогондорду кул кун кылып кырып. хаха» сыяктуу чакырыктарын жазса, Азамат Абдуллаевич аттуу жаран: «Коп сумма айтып коюптур, Олжонун башы эшектикине да тен келбейт» деген маанайдагы келекеси үчүн бул жарандар мыйзам алдында жоопко тартылуусун талап кылам…

Диний фанаттардын мындай билдирүүлөрүнөн улам үй-бүлөмдүн жана жеке өзүмдүн коопсуздугумду эске алып, мамлекеттик органдар бул боюнча милдеттүү аракеттерин көрүүгө тийиш.

Арийне, мындай радикалдык диний көзкараштагы жарандардын билдирүүсүнө диний тескөөдөн тыш, укуктуу мамлекетибизде ыкчам чаралар көрүлөт деген ишенимдемин.

Мен тактаган маалыматтар боюнча береги сүрөттөгү Нурмухаммед Чомоев Ош облусунун Түз-Бел айылынын 33 жаштагы тургуну.

Булак: ruhesh.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу