“Оку да, үшкүр!”

ЭКИ ТАЖИК КЫРГЫЗ КЕЛИНДИ ЗОРДУКТАДЫ -Москвада 30 жаштагы келинди зордуктаган эки тажик жигити колго түштү. Алардын бири 29да болсо, бири 25 жашта. Эки тажик экөө тең эшик шыпырып иштечү экен. Окуя 20-март күнү болуптур. Анда кечке маал келин жашаган үйүнө келе жатса, алдынан келинди алыстан акмалап атайын күтүп турган эки тажик тосуп чыгып, экөө эки колдон алып, эл көрбөгөн таштанды таштоочу тарапка алып барып күч колдонуп зордуктап ташташкан. Запкы көргөн кыз дароо милицияга арызданып, көп өтпөй эле ашынган тажиктер колго түшкөн. Азыр экөө тең темир тор артында экен. Кутулуп эле кетишпесе болду. САТУУЧУНУ КОРКУТУШКАН -Кечээ чак түштө Бишкектеги Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы дарыканага маска кийген эки сомодой жигит кирип барып дары сатуучу келинди коркутуп, акча талап кылышкан. Сатуучу келин да кыйын экен, милиция чакырууга жетишиптир. Милицияга кабар берилгенин уккан эки эрен дароо турган жеринен куйрук түйүп жок болушуптур. Азыр экөө тең изделүүдө. Кармалышса милициялар өпкөлөрүн үзүшөт го… БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН КОЛГО ТҮШТҮ -20-март күнү Жалал-Абаддын Сузак районунда арам оокат менен акча таап жашагысы келген 22 жаштагы жигит 1 килограмм гашиш үлгүсүндөгү акылдан алып, көк мээ кылчу баңгизаты менен тартип сакчыларынын кылтагына илиниптир. Ал эргул кургатылып, оозго тиштеп эле тартууга даяр болгон баңгизатты желим баклашкага салып жанына алып жүргөн экен. Арам акча, арам оокат жакшылыкка алып барбайт эмеспи, 246-берене менен кылмыш иши козголуп, камакка алыныптыр. НАРИСТЕ КЫЗДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ -Мындан бир нече күн мурун Чүйдүн Ивановка айылынан таякесинин колунан 4 жаштагы Лидия деген наристе кыздын жол боюндагы дүкөндүн алдында ойноп жаткан жеринен дайынсыз жок болгонун жазган элек. 26-март күнү ошол наристе кыздын сөөгү Ивановка айылындагы каналдын жээгинен табылыптыр. Эмне болуп көз жумганы иликтенип жатканы маалымдалды. КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ -Бишкектеги Нарвская жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир капкак жабылган чуңкурчадан болжолдуу жашы 30дан оогон кишинин сөөгү табылган. Ал сөөктү суунун түтүгүн оңдогон кишилер көрүп калып милицияга кабарлашкан. Окуя болгон жерге жетип барган милициялар сөөктү чыгара алышпай, алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кабарлап, алар келип өз ишин аткарып сөөктү чыгарышыптыр. Кечээтен бери өлгөн кишинин өздүгү такталып жатыптыр. УУРУЛУК КҮЧ АЛУУДА… -Бишкекте акыркы кездери уурулук өтө күч алып жатканы айтылууда. Өзгөчө Бишкектин жака белиндеги жаңы конуштарда үй ээлери үйүндө жок учурда уурулар чак түштө эле терезе, эшик аркылуу үйгө кирип, уурдачу оокаттарды уурдап кетип жатканын жергиликтүү жашоочулар кеп кылууда. Бул боюнча милиция кандай аракет көрүп жатат болду экен?

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу