ОКУУЧУНУ СҮЗҮП, КАЧЫП КЕТКЕН КАЗАКСТАНДЫК АЙДООЧУ КОЁ БЕРИЛДИ

Окуучуну сүзүп кеткен казакстандык айдоочу коё берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди. Маалыматка ылайык, окуучуну сүзүп качып кеткен айдоочу келтирилген чыгымдарды төлөп бергендиктен коё берилген.

Эске сала кетсек, 12-майда болжол менен саат 16:20да Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө төртүнчү жана экинчи класстын окуучуларын 2 унаа сүзүп кеткен. Анда жолдон өтүп бара жаткан эки окуучунун бирин Лексус RX 300 үлгүсүндөгү, ал эми экинчисин Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген.

Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетип, кийин кармалган. Ал Казакстандын 31 жаштагы жараны экени белгилүү болгон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу