Билим берүү жана билим минстирлигинен билдиришкендей, окуучулардын бүтүрүү кечесине акча чогултулса мектептердин директорлору жана мугалимдери иштен алынат.
Маалымдалгандай, 9-класстын окуучуларына аттестатты 20-июнда, ал эми 11-класстарга аттестат тапшыруу аземи 23-июнда өтөт.
Министрлик белгилегендей иш-чаралар мектептин гана аймагында өтүлүүсү кажет. Жаратылышка чыгуу же көңүл ачуучу жайларга барууга тыюу салынат.
Учурда мектепттердин директорлоруна, ата-энелерге шаан-шөкөт менен коштолгон иш-чараларга каражат жумшоону чектөө боюнча жыйындарды өткөрүү тапшырылды.
Булак:Каганат.